Непалдагы Эверест тоосуна жакын жерде бортунда алты адамы бар тик учак жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тик учак шейшемби күнү эртең менен Солухумбу аймагынан борбор калаа Катмандуга багыт алган. Тик учак менен байланыш абага көтөрүлгөндөн 15 мүнөт өткөндөн кийин жоголгон.
Тик учакта беш чет элдик турист жана бир непалдык учкуч болгонун маалымат агенттиктери өкмөт өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдирди.
Учурда тик учакты издөө иштери жүрүүдө.