Майлуу-Суунун эки тургуну 10 килограммдан ашуун баӊгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2 жаран мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургундары 1971-жылы туулган К.А. жана 1989-жылы туулган И.И. кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограммдан ашуун баӊгизаты алынган. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган зат марихуана бангизаты экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жарандар Майлуу-Суу ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.