Бишкекте Казакстандагы уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстандын Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
"Ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Ошондой эле О.И.О. опузалоо жолу менен У.С.М. аттуу жарандын 760 миң долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстандын тергөө органдарынан жашынып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда О.И.О.нын Кыргызстандын аймагында жасаган башка мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
"Мындан тышкары, О.И.О.га Кыргызстандын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда", - деп айтылат билдирүүдө.