"5 миллиарддан ашкандан кийин башталган". Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 11-июль - Бүткүл дүйнөлүк калк күнү. Бул күндү белгилөө Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1987-жылы жер бетиндеги адамдардын саны 5 миллиарддан ашкандан кийин белгилене баштаган.

Өткөн жылдын ноябрында дүйнө калкынын саны жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 8 миллиард адамга жеткен. Божомолдор боюнча, 2037-жылы бул көрсөткүч 9 миллиардга чейин өсөт, ал эми 2080-жылдары калктын саны 10 миллиарддан ашык болуусу мүмкүн. Буга репродуктивдүү курактагы адамдардын санынын өсүшү, миграциянын тездеши, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө төрөлгөндөрдүн санынын жогору болушу себеп болот.

Учурда БУУнун эсеби боюнча дүйнөдө калкы эң көп мамлекет катары Индия эсептелет. Аталган өлкө калкынын саны боюнча Кытайдан алдыда. 2023-жылдын апрель айынын аягында Индияда калктын саны 1,4286 миллиардга жетсе, Кытайда 1,4257 миллиардды түзгөн. Ошондой эле калкы эң көп өлкөлөрдүн катарына Нигерия, Пакистан, Индонезия, АКШ, Бразилия, Бангладеш, Орусия жана Мексика кирген.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2023-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 37 миң 590ду түзгөн. Анын ичинен 5 миллионго жакынын кыргыздар түзсө, калган бөлүгүн башка улуттун өкүлдөрү түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан