"Кыздын жүрөгү", "Сезим кайгысы" жана башка ырлары менен элдин көңүлүнөн орун алган ырчы кайрадан чыгармачылыкка кайтты. Ал 2013-жылдан бери чыгармачылыктан алыстап кеткен. Анын чыгармачылыктан алыстап кеткендигинин себеби үй-бүлөсү болгон. Ырчы чыгармачылыкка кайтып келгенге чейин кандай жумуштар менен алектенгендиги тууралуу SUPER.KG порталына кененирээк маек берди.
- Чыгармачылыктан алыстап кеткендигиңиздин себеби эмнеде?
- Турмушка чыгарда эки жакты тең алып кете алам деп ишенчүмүн. Бардык нерсе оңой түйүлө берчү. Үй-бүлө деген чоң, аябай бир маанилүү «проект» турбайбы. Мен биринчи орунга үй-бүлөмдү койдум. Турмуш курганда алгачкы жылдар жоопкерчиликтүү болот. Өзүм да аябай баласаак болуп чыктым. Ырчылыкка келсек, кичинекей кезимден эле ырдайм, мен үчүн бул нерсе хобби катары эле болуп келген. Баарында эле өзүнүн бир хоббиси болот экен. Кээде калтырбай ошону менен алекпиз убакыт болгондо, кээде жылдап таштап коёбуз кайра учуру келгичекти. Ырчылыктан сырткары сүрөт да тартам, аны дагы көп жылга таштап коюптурмун. Болгон энергиямды мээримимди үй-бүлөмө жумшадым десем болот.
- Канча жашыңыздан чыгармачылыкка аралашып калдыңыз эле?
- Чыгармачылыкка 19 жашымда келгем. Ырчы болуу балалык кыялым болчу. Каякта болбоюн обон созуп жүрчүмүн. Үйдө жалгыз калсам эле магнитафонду коюп алып колума туш келген нерсени кармап микрофон кылып ырдачумун. Дивандарга чуркап барып «микрофон» менен секирип ырдачумун. Апама кошуналар "кызыңа айтчы акырыныраак ырдасын, биздин балдар уктап жатышат" деп арызданышчу экен. Айтор чыгармачылык мен үчүн дайыма эле уланып келет. Ал эми элдин оозуна ошол 19-20 жашымда «Кыз жүрөгү» аттуу ыры менен алындым.
- Репертуарыңызда канча ыр бар?
- Репертуарымда 7 ыр бар. "Кыз жүрөгү", "Упадешь не раз" деген орус тилиндеги ырым, "Эркелетпе", "Сезим кайгысы", "Бактылуу болобуз", "Ыйык сезим", "Курбуларга" аттуу ырларым жарыкка чыккан.
- Эмне себептен кайрадан чыгармачылыкка кайттыңыз?
- Ырдоо - менин хоббим. Кайра ырдагым келди. Мага ырды жаздыруу процесси эле өзүнчө бир кызыктуу иш болуп сезилет. Ырахат алам. Ырларым адамдардын жүрөгүнөн орун алгандарын окуйм. Таптакыр тааныбаган адамдар көп жазышат, ар кандай менин ырларым менен байланышкан окуяларды айтып беришет. Ошолор дагы мага чоң дем беришти десем болот. Чыгармачыл адамга мындан чоң эргүү болбосо керек.
- Кандай жанрдагы чыгармалар менен күйөрмандарыңызды кубандырайын деп турасыз?
- Жакында "Эми башкабыз аттуу" ырым жарыкка чыкты. Мен негизи лирикалык ырларга жакынмын. Шаңдуу 2-3 ырым бар, бирок алар эмнегедир элдин кулагына жаккан эмес. Рок, соул-рок жанрлар жагат. Буюрса, ар кандай жанрдагы ырларды күйөрмандарыма тартуулагым келет.
- Чыгармачылыктан алыстаган учурда эмне менен алек болдуңуз?
- "Аpa.kg" деген кайрымдуулук уюм ачып иштетип жүрдүм. Балдары менен жалгыз кыйын учурда калган аялдарга жардам көрсөттүм. Азыр дагы ушинтип өз күчү менен бутуна турган, таанымал эмес айымдардан интервью алып башкаларга дем бергим келет. Көп убакыттан бери ушуну ойлоп келе жатам. Бизде кыйналган жалгыз бой энелер көп эмеспи. "Аpa. kg" кайрымдуулук уюмун чоң деңгээлде чыгарыш үчүн финансы жактан аябай көп акча талап кылгандыктан жабылып калган.