Тиш эмнеден караят? Дарыгер тишке туура кам көрүүгө кеңеш берет

Тишибизге канчалык жакшы кам көрсөк, ошончолук узак убакытка чейин сактала турганын тиш дарыгерлери эскертип келет. Ошол эле маалда тишке туура кам көрүүдө, каражаттарды туура тандоо учурларында бүдөмүк ойлорго туш болобуз. Бул жолу SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңеш" түрмөгүндө тиш дарыгери Хикматулла Ашымов суроолорубузга жооп берди.

- Тишке кантип туура кам көрүү керек?

- Анализ кылып көрсөм, көпчүлүк кыргыздар өздөрүнүн чоң ата, чоң энелерин же ата-энелерин картайганда тиши жок көрүп көнүп калышкан. Ошондон улам жаштардын мээсинде 60-70ке чыкканда менин дагы тишим жок болот турбайбы деген ой калат. Ал ойдон арылып, жакшы ниет коюп тишти сактоо зарыл. Дагы бир тишке маани бербегендин себеби - тишти орган катары көрбөйбүз. Тишти дагы кол, бут катары эле элестетип, дарылатып туруу керек.

Тишти эртең менен кечинде тамактан кийин сөзсүз түрдө жууп туруу абзел. Эртең менен турганда оозду атайын ооз чайкай турган каражат менен чайкап, анан тамактанабыз. Аны дарыканалардан, дүкөндөрдөн алса болот. Тамактангандан кийин, жумушка же окууга кетерден алдын сөзсүз түрдө жууш керек. Кечинде тамактангандан кийин тишти жакшылып жышып жууп, атайын тиш тазалаган жип менен тазалоо зарыл. Ар бир кишинин жанында тиш тазалаган жип болсо жакшы. Себеби жумушта жүргөндө түштө тамактанабыз ошондо тиш тазалаган жип менен тазалап, оозду чайкап коюш керек. Ушул нерселерди аткарса туура кам көргөн болот, бир күндө эки жолу жууган жетиштүү. Бизде көпчүлүк туура эмес жууйт, тиш жуугандын дагы өзүнүн техникалары бар. Аны ютубдан карап көрүп алса болот, ошондой эле убакытты дагы туура бөлүү маанилүү, эң аз дегенде төрт мүнөт.

- Тиш жууганда кандай каражаттарды колдонуу зарыл? Аларды канткенде туура тандай алабыз?

- Тиш гигиенасы үчүн үч каражат керек: тиш щётка, паста жана тиш тазалаган жип. Тиш дарыгери катары айтсам “rocs” деген тиш щётканы алып колдонсо болот. Ал эми пастанын курамында фтор болушу керек. Кээ бир адамдарга фтор бар пастаны колдонгонго болбойт, алар тиш дарыгерине келип, кеңеш алышы керек. Үчүнчү бул тиш тазалаган жип, анын жоон-ичке түрлөрү бар, ар ким өзүнүн тишине карап алса болот.

- Тиш эмнеден караят (кариес)?

- Адам тамак жегенде тиштердин арасына тамактын калдыктары калат. Тамак жегенден кийин ошол калдыктарды тиш тазалаган жип менен тазалап, жакшылап жууп коюш керек. Эгер жуубаган болсок тиштеги калдыктарга бир-эки күндө бактерия топтолот. Алар тамактын калдыктары менен азыктанып ооздо кислота пайда кылат. Кислота тиштеги эмалды чиритет, эмаль бул адамдын организминдеги эң катуу ткань болуп эсептелинет.

- Тиштин каноосу, айрым учурда ооздон чыккан жагымсыз жыт эмнеден келип чыгат?

- Бул деген бүйлөнүн каноосу. Тиште качан гигиена жакшы сакталбаса сезгенүү болот, бул деген ириңдеп баштады деген сөз. Ириң жагымсыз жыт чыгарат. Ал эми ооздун жыттануусун экиге бөлсөк болот: биринчиси ооздун ичиндеги тиштин абалы, экинчиси жалпы организмден көз каранды. Кээ бир адамдардын ашказаны, боору ооруйт же тамагында сезгенүү, мурун оорулары бар ошол учурда ооздон жагымсыз жыт чыгат.

- Баланын тиши канча айында чыгып, кайсы курагында түшүүсү керек? Кайсы учурдан баштап жууп турушу шарт?

- Тиш сүт тиштер, анан дайымкы тиштер болуп бөлүнөт. Сүт тиштер баланын алты айынан баштап чыгып баштайт жана эки, эки жарым жашка чейин толук чыгып бүтөт. Ошол сүт тиштер алты жаштан баштап он эки жашка чейин түшүп бүтүш керек. 12-13 жашка чейин дайымкы тиштери чыгып калышы зарыл. Бала тиши чыгып баштагандан тарта эле жууп баштоо зарыл. Эки жашка чейин ата-энеси жууп турса болот, андан кийин баланын өзүнө щетка кармап үйрөтүү керек.

- Туура тамактануу биздин тишибизге таасир тийгизеби?

Албетте, тамак тишке таасирин берет. Тиштин саламат болуусу үчүн эки жагдай жакшы болуш керек. Биринчиси тамак, экинчиси гигиена. Тамактанууда эң биринчи тамактын температурасына маани бериш керек, аябай муздак же аябай ысык ичкенге болбойт. Бөлмө температурасында болгону туура. Жайында сууну муздаткычка салып коюп ичебиз, кээ бир адамдар өтө ысык тамактарды ичишет, бул дагы туура эмес. Мындай нерселер тишке эле эмес, жалпы организмге зыян.

Кээ бир адамдар ысык тамактан кийин муздак суу ичет, бул тиштин эмалына жаракка кетирет, бул дагы туура эмес. Тамактын жумшак же катуулугу дагы маанилүү. Кээде катуу тамак жеп турган пайдалуу. Мисалы: сабиз, алма, эт жеп турсак жакшы. Адам ден соолугу чың болуш үчүн спорт менен машыгат, ошол сыяктуу эле тишке дагы күч берип туруу маанилүү. Ар дайым эле жумшак тамак жеп жүрө берген туура эмес. Биз дайыма жаш балдарга таттуу жебе деп үйрөтөбүз. Негизи таттуу жесе болот, бирок жегенден кийин оозду жакшылап жууп коюш керек. Себеби кариести пайда кылган бактериялар таттууну жакшы көрүшөт, кариести бат өрчүтөт. Тиштер бекем болуш үчүн кальцийге бай тамактарды жеш керек, алар: сабиз, капуста, сүт, быштак, каймак, эт.

- Тишти жакшы сактоо үчүн кандай тамактардан баш тартуу керек?

- Бизде газдалган суулар көбөйүп кетти. Аларды көп ичпеш керек. Майрамдарда, туулган күндөрдө эки жумада бир ичип койсо болот. Бизде, кыргыз элинде өзүнүн тамактануу эрежелери бар эмеспи. Этти, камыр тамактарды көп жейбиз. Бул нерселерден дароо эле баш тартуу кыйын. Азыр “энергетик” суусундуктарын көп ичишет. Булар тишке зыян, аларды аз ичкенге аракет кылуу керек. Чылымдан, алкоголь ичимдиктеринен, энергетик суусундуктарынан баш тартуу керек.

- Тиш тазалатуудан кандай ооруларды жуктуруп алуу мүмкүн, тиш дарыгерине баруудан мурун эмнелерге көңүл буруу абзел?

- Азыркы учурда кан аркылуу жуктуруп алган оорулар көбөйүүдө, бул оорулар тиш тазалатууда эле эмес, кыздар азыр тырмактарын жасатышат, салонго барышат, эркектер чач алдырганга барганда сакалдарын алдырышат ушул сыяктуу учурлардан жуктуруп алуу мүмкүн. Негизи дарыгер тандап жатканда тиш дарыгери эле эмес, башкаларды деле эң биринчи адамгерчилик сапатына карайбыз. Адамгерчилик сапаты болсо адамга зыян келтирбейт, ниети түз болот эң биринчи ушул сапатка караса жакшы. Андан кийин кесипкөйлүгүнө карайбыз. Ал эми тиш дарыгерлерин колдонуп жаткан куралдарынын тазалыгын кароо абзел. Тиш дарыгерине барганда колдонуп жаткан куралдарыңыздын тазалыгын көрсөм болобу, кантип тазалайсыздар деп сураш керек. Ал эми дарыгер ошол нерселерди көрсөтүп бериш керек.

- Тишке туура кам көрүлсө, кайсы жаш куракка чейин тишти сактап калууга болот?

- Эгерде тишке туура кам көрүлсө өмүрүнүн аягына чейин чыдап берет. Тиштин эмалы организмдеги эң катуу зат. Кээ бир кинолордон, тарыхый видеолордон 50-60 кылым мурунку адамдын сөөктөрүн жердин астынан табышканын көрүп калабыз. Ал жерде кылым өтсө дагы адамдын тиштери сакталып келген болот. Ошондой эле тишти дагы жакшылап жууп караса өмүрүнүн аягына чейин сактаса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан