
Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына 3 күн мурда чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Эскерте кетсек, 9-июль күнү 40 жаштагы жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жаткан.
Бүгүн издөө иштерине 5 куткаруучу жана Сокулук райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Саат 11:57де маркум чөккөн жерден бир чакырым алыстыкта жансыз денеси табылып, куткаруучулар жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.