Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында конституциянын 71-беренесин жана “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” мыйзамдын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:
1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;
2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;
3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.
2. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:
– бул жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.