Бишкектеги эң негизги көйгөйлөр кайсылар? Шаардыктар жооп беришти (видео)

SUPER.KG порталы борбор калаадагы эң башкы маселелер боюнча коомчулуктун пикирин сурап көрдү.

Алардын көбү шаардагы негизги көйгөйлөрдүн бири деп таштанды маселесин эсептейт. Тургундардын айтымында, борбор калааны таштандыдан арылтуу иштери жасалып жатканы менен айрым аймактар унутта калып кетүүдө.

Ошондой эле көп жылдардан бери шаардын башкы көйгөйүнө айланган коомдук транспорт маселеси бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек.

Калаа бийлиги көптөн бери көчөлөрдө вело жолдорду жакшыртуу менен алектенип келет. Бирок электросамокаттар көбөйгөн азыркы тапта бул дагы жетишсиз бойдон калууда.

Мындан тышкары шаардыктар жумушсуздук, ичүүчү суу, ыш, унаалардын көптүгү сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү баса белгилеп айтышты.

Сурамжылоо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан