"Тапанчанын үнү жаңырып". Ошто массалык мушташ орун алды (видео)

Ош шаарында калайман мушташ орун алды. Окуянын видеолору социалдык тармактарда тарады.

Анда топ балдар жабылып бир жаранды ур-токмокко алганын көрүүгө болот. Башка бир видеодо белгисиз куралдан ок атылган учур тартылып алынган.

"Ош шаарындагы "Энесай" ресторанында кимдер курал көтөрүп жүрөт, эмне болуп жатат? Качан тынч жашайбыз? Тапанча менен атып жүргөн жарандардын баарына мамлекеттик деңгээлде көзөмөл кылыш керек", - деп жазган видеонун автору.

Окуя качан орун алганы белгисиз. Ош шаардык милициясы азырынча окуя боюнча маалымат бере элек.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-07-12 11:57:00
Жон. Эле журбойбу эээ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан