Бири тоодо чер жазса, бири чет өлкөдө эс алып... Белгилүүлөр аптапта кайда эс алышууда?

Таңдай катырган аптапта көпчүлүк адамдар салкын жай издеп качышары белгилүү. Айрымдары жайлоого кетишсе, көпчүлүгү кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө сапар тартышат. Ал эми кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү кайда, кантип эс алышууда саресеп салып көрдүк.

Жакында эле бойдокчулук менен коштошуп, чоң турмушка сүйүктүүсү менен бирге кадам таштаган ырчы Алмаз Шаадаев жубайы Алина менен Түркия өлкөсүнө барып бал айын өткөрүп келишти.

Ырчы Малика Дина Түркиянын Аланья шаарында өткөн дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катышып, андан соң деңиз жээгинде эс алып, Стамбулду кыдырып жүргөн видеосу менен бөлүшүүдө.

Үлгүлүү үй-бүлө макамына ээ бал шириндер Урмат Усенов менен Неля дагы учурда көл жээгинде үй-бүлөлүк эс алууда.

Күйөрмандарын өзгөчө клиптери, образдары, жадакалса келбети менен да таң калтыра алган ырчы Айгерим Расул кызы да жолдошу менен бирге көл жээгинде эс алып жаткан учуру.

Ал эми шоу-бизнестеги көрүнүктүү ырчылар, жеке жашоодо жакын достор Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Аваз Акимов, Нурмат Садыров жана алып баруучу Максат Довранов учурда Токтогулда биргеликте эс алып жаткан сүрөт-видеолору менен бөлүшүүдө.

Ал эми шоу-бизнестин шайыр ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы бир туугандары менен биргеликте Жалал-Абаддагы айтылуу Арстанбап токоюнда чер жазууда.

Мукам үндүү ырчы Кенже Көбөкова кең жайлоодо эс алууда. Күйөрмандарына Ала-тоонун коюнунда, шар аккан суунун боюнда колуна комузун алып түшкөн сүрөтү менен бөлүштү.

Ошондой эле ырчы Кызсайкал Кабылова да учурда жолдошу менен бирге кереметтүү көлүбүздүн жээгинде үй-бүлөлүк эс алууда жүргөн чагы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан