Кечээ, 11-июлда Литванын борбору Вилньюс шаарында НАТОго мүчө мамлекеттердин өлкө башчылары жана өкмөт башчылары катышкан НАТОнун эки күндүк саммити башталды.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Литванын президенти Гитанас Науседа НАТО лидерлерин аба майдандан тосуп алышты. Жалпы сүрөткө түшүү аземинен кийин лидерлер Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйынына катышты.
Бул ирет НАТО саммитинин негизги темасы катары аталган уюмга Украинанын качан кошула турганы каралат. Бирок буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Украинада согуш жүрүп жаткандыктан бул мүмкүн эмес экенин айткан. Согуш аяктагандан кийин гана Украинанын аталган уюмга кошулушу карала турганын америкалык басылмалардын бирине берген маегинде билдирген. Байден азырынча Украинага жардам гана көрсөтө аларын кошумчалаган.
Учурда НАТОнун 23 мүчөсү Украинаны колдошот, алар өз ара тиешелүү декларацияларды кабыл алган. Бирок Украина тиешелүү шарттар аткарылып, уюмдун бардык мүчө мамлекеттери макулдугун бергенде гана аталган уюмга чакыруу ала алат.
Белгилей кетсек, НАТОнун бул жыйынына Украина катышып жатат, себеби быйыл өтүп жаткан саммитке Зеленский конок катары чакырылган. Буга чейин чет элдик басылмалар Зеленский Украинанын мүчө катары кошулуусу каралган шартта гана жыйынга барышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Бирок жыйындын алдында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Вильнюстагы жыйынга уюмду сыйлагандыгы үчүн бара турганын жана Украина дагы сыйга татыктуу экенин билдирген.
Литвадагы саммитте Швециянын НАТОго кошулуусу да каралат. Буга чейин Швециянын уюмга кошулуусуна Түркия менен Венгрия гана макул болгон эмес. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Евробиримдикке мүчө катары кошулса, Швециянын НАТОго киришине макул экенин билдирген.
"Мен Түркияны 50 жылдан бери Евробиримдиктин эшигинин алдында күттүрүп жаткан өлкөлөргө кайрылгым келет. Алгач Түркияны Евросоюзга киришине жол ачкыла, андан соң биз Швеция үчүн НАТОнун эшигин ачабыз"- деп билдирген Эрдоган.
Венгрия болсо Түркия макулдугун берсе эле, Швецияны колдой турганын айткан.
Ошондой эле Вилньюста өтүп жаткан жыйында Румыниянын президенти Клаус Йоханнис билдирүү жасап, анда уюм үчүн негизги коркунуч катары Орусия жана терроризмди белгиледи. Йоханнис алар менен күрөшүү үчүн НАТОну аймактык коргонуу пландарын кабыл алууга чакырды.
Ал эми Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов РИА Новости басылмасына берген маегинде НАТОнун Вильнюстагы саммити аскерлерди Орусиянын чек арасына топтоо маселесине көңүл буруп жатканын айтты.
"Вильнюстагы жолугушуу уюмдун орус чек араларына көбүрөөк аскерлерди топтоо каалоосун көрсөттү. Биздин артка чегинүүгө эч ниетибиз жок. Саммиттин агрессивдүү чечимдери Орусиянын өзүнүн иш-аракеттеринин тууралыгына болгон ишенимин солкулдата албайт. Биз эч кандай күмөн санабайбыз"- деген Антонов.
Эске салсак, НАТО блогу 1949-жылы Европа жана Түндүк Американын 12 өлкөсү тарабынан негиздеген. НАТОнун негизги максаты саясий жана согуштук каражаттар аркылуу ага мүчө өлкөлөрдүн эркиндигин жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Учурда аталган уюмга 31 мамлекет кирет. Аларга Албания (2009), Бельгия (1949), Болгария (2004), Венгрия (1999), Германия (1955), Греция (1952), Дания (1949), Исландия (1949), Испания (1982), Италия (1949), Канада (1949), Латвия (2004). Литва (2004), Люксембург (1949), Нидерланды (1949), Норвегия (1949), Польша (1999), Португалия (1949), Румыния (2004), Түндүк Македония (2020), Словакия (2004), Словения (2004), Улуу Британия (1949), АКШ (1949), Түркия (1952), Финляндия (2023), Франция (1949), Хорватия (2009), Черногория (2017), Чехия (1999) жана Эстония (2004) кирет.
Быйыл НАТОнун саммити Литвада 11-12-июль күндөрү өтүүдө. Ал эми кийинки жыйын НАТОнун расмий сайтында көрсөтүлгөндөй уюмдун 75 жылдыгына карата АКШнын борбору Вашингтондо өтөт, ал эми 2025-жылы жолугушуу Нидерландыда болмокчу.