Бишкекте мыйзамсыз орнотулган гараждар алынууда

Бишкектин Жусуп Абдрахманов 145, дарегинде мыйзамсыз орнотулган 21 гараж алынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, гараждардын ордуна жол курулат. Гараждарды алгандан кийин натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан