Бишкектеги клубдардын биринде массалык мушташ орун алды (видео)

Бишкекте калайман мушташ орун алды. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Анда окуя калаанын Свердлов районундагы ресторандардын биринде болгондугу айтылат. Бирок качан орун алганы белгисиз.

Видеодон бир нече киши бир жаранга кол салмакчы болуп, жулунуп жатканын көрүүгө болот. Топ адамдын айрымдары жанындагыларды арачалап жүргөнү да тартылып алынган. Видеонун автору жабырлануучу турист экенин жазган.

Свердлов РИИБи бул факты боюнча тергөө иштери башталганын билдирип, ошондой эле окуя боюнча эч ким арыз менен кайрылбаганын кошумчалады.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан