Бишкекте Токтогулдун көк бөрү командасынын капитаны баңгизат сактууга шектелип кармалды. Анын үйүнөн баңгизат менен ок атуучу курал табылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Бишкек шаарынын аймагынан «баңгизатын сатуучу» мурда соттолгон 1981-жылы туулган Ж.Э. атуу жаран аныкталды. Шектүү Ж.Э. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Ал учурда Токтогул районунун Көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 7-июлда саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э. башкаруусундагы Мерседес-Бенц-814 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар - ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана Hony-Bag Basic KIT 5 фирмасынан чыгарылган темирден жасалган тор бар болгон.
Милиция кызматкерлери Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүп, сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табышкан. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты болуп чыкты.
"Бул факты боюнча 7-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды.
Белгилей кетсек, шектүү Ж.Э. эки айлык мөөнөткө камакка алынды.