Бүгүн, 12-июлдан тарта Бишкектин бардык аймактарында, анын ичинде Арча-Бешик конушуна да ичүүчү суу үзгүлтүксүз бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкексууканал" башкармалыгынын командасы "Көк-Жар" суу алгычында эки күнгө пландалган иштерди бир күндө аягына чыкты. Анда резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынды.