Орусиядагы балдар бакчасында 36 баланын йогуртка ууланган учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя Оренбург облусунун Орск шаарында катталган. Анда бала бакчага барган 36 бала жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн йогуртка ууланганы аныкталган.
"11-июль күнү 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын абалы начарлагандыктан тез жардам кызматына 36 жолу билдирүү келип түшкөн. Алардын баары шаардын ар кайсы аймактарындагы балдар бакчасынын тарбиялануучулары. 8 бейтап ооруканага жаткырылды, абалдары орточо деп бааланууда", - деп айтылган маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар Новотроицк сүт заводунун йогуртунан ууланышкан. Учурда бийлик өкүлдөрү ишкананын бардык продукциясын сатууга тыюу салганы айтылды.