Ош облусунун Кара-Суу районундагы Южный каналына түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеткинчектер кечээ сууга түшүп кеткен. Аларды издөөгө куткаруучулар тартылып, бүгүн 9 жаштагы К.М. аттуу баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми 7 жаштагы жеткинчектин сөөгү жакындары тарабынан табылган.
Куткаруучулар балдарды суу объектилерине кароосуз калтыруу кооптуу экендигин эскертет.