"Азаттык" талаштуу материалын өчүрүп, соттук териштирүү токтоду

“Азаттык Медиа” чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрдү, соттук териштирүүлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, “Азаттык Медиа” басылмасы 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү.
"Анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат.
Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди", - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин убактылуу токтоткон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан