Бишкек-Ош жолунда курулуп жаткан тоннелди пайдаланууга берүү пландалууда

Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннелди жарым-жартылай пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бардык ишти 2023-жылдын жай мезгилинде бүткөрүү жана ушул жылдын сентябрь айында объектти толук пайдаланууга берүү пландалууда.

"Курулуш иштери 2019-жылы башталган, бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жумуш токтотулган. 2021-жылдын апрель айында участоктогу бардык иштер кайра жанданып, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп келди. Учурда долбоордун толук аякташына даярдыктар көрүлүүдө.

Бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метр болгон кардан коргоочу галереянын жалпы узундугу 460 метрди түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Министрлик курулушка каражатты (4,288,000,000 япон йени) Япония өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлгөнүн кошумчалады.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Таксист бала
2023-07-13 03:36:00
Тушунуктуу кылып толук маалымат берсенер, кайсы Ош-Бишкек жолу, жанысыбы же эскисиби. Кайсы жерге курулуп атат
0
munduz2016
2023-07-13 06:44:00
Таксист бала,эскиси да,жаңысы бүтө элек го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан