Казакстанда бокс боюнча Дүйнө чемпиону колунда баласы бар кишиге кол салды (видео)

Коңшу Казакстандын Астана шаарында бокс боюнча Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Бейбут Шуменов колунда баласын кармап турган адамга кол салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Окуя Астана шаарындагы соода борборлордун биринде болгон. Видеодо көрүнгөндөй, ал алгач колунда баласын кармап турган кишиге келип, экөө кыска сүйлөшүүдөн кийин мушкер ага сокку узаткан. Мушкердин соккусунан киши кулап түшкөн, андан кийин коңшу столдогулар арачага келген.

Мушкердин мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз.

Эске салсак, Шуменов 2019-жылы WBA версиясы боюнча дүйнөлүк бокс титулунан расмий ажыратылып, анын ордун франциялык мушкер Арсен Гуламирян ээлеген. Учурда мушкер WBA рейтингинен толугу менен чыгарылган.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан