Китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Бүгүн, 12-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Министрликтен билдиришкендей, меморандум балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

"Билим берүү жана илим министрлиги балдарды окутуу жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн китепкана имараттарын берет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан