Илон Маскка каршы беттешүү үчүн Марк Цукербергди UFC уюмунун чемпиондору машыктыра башташты

Америкалык миллиардер Марк Цукерберг мекендеши Илон Маскка каршы расмий түрдө жарыялана элек беттеш үчүн UFC уюмунун чемпиондору менен машыга баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Цукерберг Илон Маскка каршы беттешке даярдануу үчүн UFC уюмунун учурдагы чемпиондору нигериялык Исраель Адесанья жана австралиялык Александр Волкановски менен чогуу машыгуу өткөрүүдө.

Адесанья өзү твиттерде машыгуунун сүрөттөрү менен бөлүшүп, бардыгы абдан олуттуу жүрүп жатканын белгиледи.

Эске салсак, Маск июнь айында Цукербергди рингге чакырган. Цукерберг дароо чакырыкты кабыл алып, беттеш кайсы жерде болорун сураган. Илон Маск дароо эле Лас-Вегасты мушташ боло турган жер катары сунуштап, Цукерберг макул болгон.

Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт эки миллиардер менен жолугушкандан кийин алардын олуттуу ниетин тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан