Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Ал үчүн Түркиядан 120 дарыгер келди

Кыргызстанда жакында бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, тагдыры аянычтуу аяктайт.

Бул көйгөй президентибиз Садыр Жапаровду көп түйшөлтүп жүргөн. Жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары Кыргызстанда ички органдарды алмаштыруу, операция кылуу маселесин чечти. Ал үчүн Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди", - деп билдирди Орунбеков.
Анын билдиришинче, бөйрөк операциясы үчүн “Семетей” мейманканасы ремонттолуп шарт түзүлдү, ал жерге түркиялык дарыгерлер жайгаштырылат.
Бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк “Достук” клиникасында жасалат. Тиешелүү заманбап лабораториялары даярдалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан