Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясынын баасы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында бул баа Орто Азияда салыштырмалуу эң арзан баа.
"Беларуста бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Муну Орто Азияда жана кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу эң арзан деп айтсак болот.
Келген адистер операция жасаган учурларда жергиликтүү дарыгерлерди үйрөтүшөт, келечекте кыргызстандык дарыгерлер боор, бөйрөк органдарын алмаштырууга адистик тажрыйба алышат", - деп билдирди ал.
Ушул жылдын август айында биринчи жолу Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат.