Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына мурда "Вагнер" аскердик компаниясына таандык болгон аскердик техникаларды өткөрүп берүү процессинин видеосун жарыялады.
Министрлик бүгүнкү күндө 2 миңден ашык техника, 20 миңдей аткыч курал жана 2 жарым тоннадан ашык ок-дарылар өткөрүлүп берилгенин билдирди. Анын ичинде Т-90, Т-80, Т-72В3 танктары, "Град" жана "Ураган" ракеталык системалары, "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекси дагы бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул куралдардын арасында айрымдары согуштук шарттарда эч качан колдонулбаганын баса белгиледи.
Маалым болгондой, өткөрүлүп берилген техника жана курал-жарактар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайра пайдаланууга берилет.