Ысык-Атадагы жаза аткаруу мекемесине баңгизат ыргыткан жаран кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы №3 түзөтүү колониясына баңгизат ыргыткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №3-түзөтүү колониясына скотчтолгон 3 таңгакты ыргытуу учурунда 1994-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран кармалган.

Бул факты Ысык-Ата РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Э.Ж. аттуу жарандан алынган 3 таңгактагы заттардын жалпы салмагы 1 миң 828,32 граммды түзгөн гашиш экендиги аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан