Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген эки жаран куткарылды

Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген эки жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Морозов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырында 25 жаштагы М.А. аттуу жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин ал милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен түшүрүлгөн.

Мындан тышкары Т.Айтматов менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы А.Т. аттуу бала жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине тартылган куткаруучулар милиция кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан.

Белгилей кетсек, жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан