Актан Рыскелдиев өзүн режиссёрлук жактан сынап, тасма тартууда  

"Тамашоучу", шоумен Актан Рыскелдиев буга чейин бир нече тасмада роль жаратып өзүн актёр катары сынап келсе, учурда өзүн режиссёр катары сынап тасма тартууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда "Эгиз" аттуу комедия жанрындагы тасма тартып жатабыз. Бул менин режиссёрлук кылган алгачкы эмгегим. Бирок Алмаз Жангазиев аттуу режиссёр экөөбүз тандем кылып тартып жатабыз. Кинону тартуу иштери 1-июлда башталган, буюрса 21-июлда аягына чыгат. Ал эми 14-сентябрдан тарта калың элге тартуулайбыз. Буюрса, элдик комедия болот деген ишеничтебиз", - дейт Рыскелдиев.

Белгилей кетсек, аталган тасмага Бакыт Мукул, Арнис Кыдырмышев, Альбина Имашова, Эркин Эгембердиев жана башка белгилүү актёр, актрисалар роль жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан