Бишкектин сейил бактарынын соода жайларын ижарага алууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардык кеңешинин 2022-жыл 16-декабрдагы токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинде шаардын сейил бактарындагы орундарды ижарага берүү планы каралган.
Сейил бактарда ижара үчүн орундардын жайгашуу план-схемасын, ошондой эле бааларды, арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрүн жана тартибин Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы беките турганы кабарланды.
Комиссиянын чечими менен төмөнкү сейил бактардын тизмеси бекитилген:
Тиркемелер соода жана эс алуу кызматтарынын төмөнкү түрлөрүнө кабыл алынат:
Сатууга:
Ижарага
Башка:
"Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246, 24 бөлмө", - деп айтылат маалыматта.