2 жолку Олимпиада чемпиону Василий Ломаченко Дүйнө чемпиондугу үчүн беттеш өткөрөт

Украиналык мушкер, “Бээжин-2008” жана “Лондон-2012” Олимпиадаларынын чемпиону Василий Ломаченко профессионалдар арасында Дүйнө чемпиондугу үчүн беттеш өткөрөт. Бул тууралуу украиналык маалымат булактары бүгүн, 12-декабрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, украиналык мушкер WBO версиясы боюнча 57 килограмм салмактагы Дүйнө чемпиону менен мексикалык Орландо Салидо менен кез келет. Беттеш 2014-жылы 1-мартта Сан-Антонио штатында орун алат.

25 жаштагы Василий Ломаченко профессионалдык рингдеги тушоосун 2013-жылдын октябрь айында кескен. Анда ал мексикалык Хосе Рамирес менен беттешип, 4-раундда нокаут менен жеңишке жетишкен. Ломаченко бокс сүйүүчүлөрү арасында 396 ирет рингге чыгып, бир гана жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал кезинде 2 ирет Дүйнө чемпиондугун утуп, бир ирет финалда жеңилген.

Ал эми 33 жаштагы Салидо аталган версия боюнча чемпиондук наамды 2013-жылы октябрь айында карамагына өткөргөн. Ал профессионалдык рингде 55 беттеш өткөрүп, 40 жолу жеңиш кубанычын майрамдаган. 12 ирет жеңилүүгө мажбур болгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан