Бүгүн, 13-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 544 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 615 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Белгилей кетсек, былтыр 13-июлда суунун көлөмү 12 миллиард 637 миллион куб метрди түзгөн.