Сейсмолог Түркияда күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болушу мүмкүндүгүн айтты 

Стамбул менен Мармара аймагында күчү 7 баллдан ашкан күчтүү жер титирөө күтүлүүдө, анын натыйжасында цунами болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай божомолдорду Стамбул шаарынын мэриясынын жер титирөөлөр боюнча окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Халук Эйидоган билдирген.

«Болжолдорго ылайык, Мармара деңизиндеги жарака жанданса, катуу жер титирөө болот. 2030-жылга карата мындай жер титирөөнүн ыктымалдыгы болжол менен 50 пайызды түзөт», — деп түшүндүрдү эксперт РИА Новостиге берген маегинде.

Анын божомолуна караганда, жер титирөөнү 25 миллиондон ашык калкы бар жети облуста сезилиши ыктымал.

Белгилей кетсек, Түркияда 2023-жылдын февраль айында жер титирөө болгон. Өлкөнүн вице-президенти Фуат Октайдын айтымында, анда дээрлик 49,6 миң адам каза болгон. Эпицентри Түркиянын Антакья шаарында болгон жер титирөөнүн Ливан, Сирия, Кипр жана Израилде да сезилгени билдирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан