Дүйнөдөгү эң чоң круиздик кеме болгон "Icon of the Seas" жүргүнчү кемеси келерки жылдын январь айында деңизге чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, алп кемеге Royal Caribbean International компаниясы ээлик кылат. Анын узундугу 365 метрге жетет, салмагы 250 миң тоннадан ашат. Кеме бортуна 7800дөй адамды батыра алат. Чоң лайнердин көрүнүктүү өзгөчөлүгү - легендарлуу "Титаниктен" 5 эсе чоң.
Жаңы кеме экологиялык жактан таза суюлтулган газ менен жүрө турганы белгиленди. Кеменин курулушу 2021-жылы башталган.
Кемеге түшүүгө билеттер чыгар замат сатылып кеткен. Азыр премиум класстагы билеттер гана калды.