Биз социалдык тармакта

Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран 71 күндөн кийин Кыргызстанга кайтып келди (фото)

Бүгүн, 13-июлда велосипед менен ажылык сапарга кеткен Ош шаарынын тургуну өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Маалымдалгандай, 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Эрмахаммат Тожимахаммат ушул жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган.

"Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Сауд Арабиясына жетип, 71 күндөн кийин Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди.

Аны Ош шаарынын борбордук аянтынан мэриянын өкүлдөрү жана жакындары тосуп алды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан