Биз социалдык тармакта

Орусиядагы министрликтердин биринде iPhone колдонууга тыюу салынды

Орусиядагы "Ростех" корпорациясы өзүнүн бардык кызматкерлерине, мамлекеттик корпорацияга кирген уюмдарга iPhone уюлдук телефонун расмий максатта колдонууга тыюу салында. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Чындыгында эле корпорациянын бардык уюмдарында жумушта америкалык өндүрүштөгү жабдууларды колдонууга толук тыюу салуу киргизилип жатат”, - деп билдирди аталган ишкананын маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-июлда тиешелүү тыюу Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде белгилүү болду. Министрдин биринчи орун басары Василий Осмаков билдиргендей, министрликтин кызматкерлери 17-июлдан тарта Apple аппараттарынан жумушчу кат алышууларды жүргүзө алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан