Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары бажы кызматкерлери менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз товарларды алып өтүүнү токтотушту. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кызматкерлер токтоткон Е.В. аттуу жарандын башкаруусундагы КамАЗда жети тонна насвай болгон. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, насвай Кыргызстандын аймагына сатуу үчүн өткөрүү пункттарын айланып өтүп, Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан мыйзамсыз алынып келинген.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.