Күрөш: Будапешттеги рейтингдик мелдеште Алмаз Сманбеков финалга чыкты

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков финалга чыкты.

Рейтингдик мелдешке Алмаз Сманбеков 57 килограмм салмакта катышып жатат. Ал алгачкы жүрүшүндө германиялык Никлас Штехлени 2:0, кийинкисинде түштүк кореялык Сун Вон Кимди утуп жарым финалга чыга алды.

Жарым финалда кыргыз балбаны америкалык Зейн Ричардс менен кез келип, аны 2:2 эсебинде жеңди.

Муну менен Алмаз Сманбеков рейтингдик мелдештин финалына чыга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан