Белгисиз адамдар Франциянын президенти Эммануэль Макрондун резиденциясына адамдын кесилген манжасын таштап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, адамдын кесилген манжасы 14-июлда белгиленүүчү улуттук майрам – Бастилияны алуу күнүн утурлай жөнөтүлгөн. Кесилген манжа полиция кызматкерлери тамак-ашын сактаган муздаткычка салынган.
Маалым болгондой, манжанын ээси буга чейин табылган. Ал камкордукка алынат. Башка маалыматтар айтылбайт.