Шавкат Мирзийоевдин инаугурациясы качан өтөрү белгилүү болду

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзийоевдин инаугурациясы эртең, 14-июлда өтөт. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

"2023-жылдын 14-июлунда Өзбекстандын Олий Мажлисинин (парламентинин) Мыйзам чыгаруу палатасы менен Сенатынын жана Өзбекстандын жаңы шайланган президентинин кызматка киришүү аземине арналган биргелешкен жыйыны өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өттү. БШК бардык бюллетендерди санап чыккандан кийин Мирзийоев шайлоодо 87,05 пайыз добуш менен жеңишке жеткенин билдирди. Робахон Махмудова - 4,43 пайыз, Улугбек Иноятов - 4,02 пайыз, Абдушүкүр Хамзаев - 3,74 пайыз алды.

Бул Өзбекстанда президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга узарткан Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки биринчи президенттик шайлоо болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан