15-16-июль күндөрү футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун жарым финалынын жооптук беттештери орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июлда Кант шаарынын «Борбордук» стадионунда «Мурас Юнайтед» жана «Кара-Балта» командалары кез келет. Анда жалал-абаддык команда номиналдык оюн талаа ээси катарында ойнойт.
Эске салсак, биринчи жолугушууда «Кара-Балта» өз стадионунда атаандашка 1-4 эсебинде утулуп калган.
Ал эми 16-июлда Ош шаарынын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунда «Алай» жана «Абдыш-Ата» клубдары беттешет. Командалар ортосунда Кант шаарында өткөн жарым финалдын биринчи беттеши голсуз тең чыгуу менен аяктаган.
Аталган чечүүчү жолугушуулар кубоктун финалисттерин аныктайт. Оюндар «Кыргыз спорт» телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлөт.