Футзал боюнча Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев CAFA Futsal Cup 2023 турнирине болгон даярдыктарын айтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Анын айтымында, 23-июлда CAFA Futsal Cup турнири башталат. Мындан тышкары ал команда менен техникалык жана тактикалык аракеттердин үстүндө иштеп жатышкандыгын белгилеп кетти.
«Бул окуу-машыгуу жыйынга бизде өз планыбыз бар, ошого жараша иштеп жатабыз. Ошондой эле жыйынга чейин биз жайкы машыгуу лагерин өткөргөнбүз, бул лагерь бизге оюнчулардын өз позицияларындагы индивидуалдык жөндөмдөрүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. Жыйында болсо биз техникалык жана тактикалык аракеттердин үстүндө иштеп жатабыз. Оюнчуларга мындай ысык күндөргө карабастан машыгууларда бүт күч аракетин жумшап жатканы үчүн ыраазычылык билдирүү керек. 23-июлда Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ирандын курама командаларынын катышуусунда CAFA Futsal Cup турнири башталат. Биз бардык атаандаштарды жакшы билебиз, жаштар жана курама командалардын деңгээлинде оюндарда кез келгенбиз", - деди башкы машыктыруучу.
Ошондой эле ал машыгуу жыйынына көптөгөн жаш оюнчуларды чакырып, алардын эмнеге жөндөмдүүлүгүн көргүсү келгендигин айтты. Мындан тышкары ал тизмеге кирбей калгандарга азырынча муктаж эместигин билдирди.