Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында 94 тонна кара куурай жок кылынды

Өлкөдө ушул жылдын июль айында “Мак-2023” операциясынын алкагында “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1 миң 231 адамдан турган 71 бригада түзүлдү.

Ага ылайык, 94 тонна 22 килограмм кара куурай орулуп өрттөлдү.

- Бишкекте - 2,3 гектар жерден 3 тонна 420 килограмм;

- Чүйдө - 8,5 гектар жерден 7 тонна 400 килограмм;

- Ысык-Көлдө - 114 гектар жерден 38 тонна 727 килограмм;

- Таласта - 0,5 гектар жерден 1 тонна;

- Жалал-Абадда - 428,8 гектар жерден 25 тонна 500 килограмм;

- Ошто - 9,5 гектар жерден 8 тонна 675 килограмм;

- Баткенде - 28,5 гектар жерден 9 тонна 300 килограмм кара куурай жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан