Кечээ, 13-июлда Испаниянын Памплона аймагында өткөн бука чуркоо фестивалында 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, "Сан-Ферман" деп аталган бука чуркоо фестивалында беш адам жабыр тарткан. Алардын көпчүлүгүн бука мүйүзү менен сүзгөн. Күн сайын 3 мүнөткө гана созулган фестивалда быйыл 10дон ашык адам жаракат алган.
Белгилей кетсек, Наваррдын коргоочусу Ыйык Ферминдин урматына арналган фестиваль Памплонада 6-июлда башталып, 15-июлга чейин уланат. Иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү анда бука жарышы өткөрүлөт. Эреже боюнча тургундар кууш көчө менен коё берилген букалардын артынан бир нече мүнөткө чуркашы керек. Ал эми жарышка жергиликтүү тургундар менен бирге туристтер дагы катыша алат.
Эске салсак, Испаниядагы "Сан-Ферман" фестивалында жыл сайын бир нече адам жаракат алат, жаныбардан жабыр тартып каза болгондор дагы катталган учурлар кездешет.