Кыргызстандык футболчу Алимардон Шүкүров еврокубокто гол жаратты (видео)

Кечээ, 13-июлда Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров еврокубокто гол жаратты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда беларустук "Неман" клубунда ойноп жаткан Шүкүров кечээ УЕФА конференция Лигасынын квалификациясында гол жараткан.

Шүкүровдун клубу Лихтенштейндин "Вадуц" клубуна каршы оюн талаасына чыккан. Оюндун 82-мүнөтүндө кыргызстандык спортчу командасы үчүн чечүүчү гол жаратып, "Неман" беттешти 2:1 эсебинде утуп алган. Эми аталган клубдардын ортосундагы жооптуу беттеш бир жумадан кийин Беларуста өтөт.

Белгилей кетсек, Алимардон Шүкүров еврокубокто гол жараткан экинчи кыргызстандык болуп саналат. Буга чейин кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Европа Лигасында гол жараткан.

Алимардон Шүкүров Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу. Ал 2021-жылы беларустук “Неман” клубу менен 3 жылга келишим түзгөн болчу.

Кыргызстандык футболчу Алимардон Шүкүров еврокубокто командасы үчүн чечүүчү гол жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан