Ошто "апийим" баңгизатын колдонгон 50 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ош ОИИББинин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагындагы жолдун боюнда Өзгөн районунун 50 жаштагы Г.Н. аттуу тургуну кармалган.
"Шектүү кармалган учурда анын жанында болгон баштыктын ичинде таңгакталган өзгөчө жыты бар зат алынды. Кармалган жаранга кароо жүргүзүлгөндө үстүндөгү кийип турган спорттук шымынын чөнтөгүнөн тамекинин фалигасына оролгон зат табылды. Табылган заттарга тергөө кызматы тарабынан соттук-химиялык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылйык, алынган заттар салмагы 0,78 граммды түзгөн “гашиш” жана 1 килограмм 790,42 граммды түзгөн “апийим” баӊгизаттары экендиги аныкталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, салмагы 22,5граммды түзгөн жыты бар баңгизатына окшогон зат алынды.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.