Кыргызстандык балбан кыздар күрөш боюнча Азия чемпиондугунда (U-15) 5 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, Азия чемпиондугу Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн. Анда Кыргызстандын балбан кыздары 2 күмүш жана 3 коло медаль тагынды.
Тактап айтсак, Айдеми Асангазиева (36 килограмм) жана Аяна Асамаликова (62 килограмм) күмүш медаль жеңди.
Ал эми Асема Амангариева (42 килограмм), Аяна Асылбекова (50 килограмм) жана Асема Төрөгелдиева (50 килограмм) коло байге багындырган. Муну менен жалпы командалык эсеп боюнча улуттук курама 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, кыз-келиндер курама командасы мелдешке машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги астында катышышты.