"Бомба изделүүдө". Бишкекте "Бахчай" кафесинин филиалдары курчоого алынды (сүрөт)

Бишкекте "Бахчай" кафесинин бардык филиалдары милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, бүгүн, 14-июлда саат 09:53 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына С.Каралаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүндө жайгашкан "Бахчай" кафесинин биринде бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, курчоого алышты.

Эс алуучулар жана кафенин кызматкерлери эвакуацияланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан