Баткенде милиция кызматкерлери каналда агып бара жаткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Баткенде ИИМдин атайын ротасынын кызматкерлери Мотоев Мадияр жана Мадали уулу Мелис Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аял кишини кѳрүп, куткарып калышты.
Ага ылайык, куткарылган аялды ооруканага алып барышты. Учурда анын абалы жакшы.