Социалдык тармактарда жашы жете элек өспүрүмдүн унаа айдап бара жаткан видеосу тарады. Видеодо унааны тегеректеп жүргөн балдардын сөздөрүнөн унаа башкарып бараткан өспүрүм 12 жашта экендигин баамдоого болот. Ошондой эле "Бул акимдин баласы го" деген үндөр да даана угулат.